Президент конституциялык референдумду 11-апрелде өткөрүүнү сунуштады

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу дагы бир референдум өткөрүү керектигин белгилеп, аны жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өткөрүүнү парламентке сунуштады.

Бул тууралуу ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясына курган маегинде билдирди.

«Анткени биз азыр эски Конституция менен жашап жатабыз. Жаңы Конституцияга дагы эки-үч ай бар. Мен кечээ жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койдум. Эгерде депутаттар ошо менен бирге өткөрүүнү колдоп берсе, 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынат. Ошондон кийин гана биз жаңы Баш мыйзам менен жашай баштайбыз», -деди ал.

Мамлекет башчы муну менен катар Конституциянын жаңы долбоорунун мазмуну жөнүндө да сөз кылып, андагы президенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу өзгөртүүлөр тууралуу да өз ойлорун айтты.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ушул эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага сексен депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документти эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. Парламент аны 17-февралда карай баштайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты