​Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Андагы маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 14-январында Жогорку Кеңеш депутаттары Алмамбет Шыкмаматовду, Аида Салянованы жана Өмүрбек Текебаевди эл алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылгандыгы боюнча чара көрүү жөнүндөгү Шыкмаматовдун мурдагы арызы боюнча Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

«Белизгейт» деп аталган иши менен УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы жана башка мыйзамсыз аракеттери боюнча Аскер прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлгөн. Сегизбаевдин жогорудагы кылмышты жасагандыгы тууралуу жетиштүү далилдер топтолуп, Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарлык ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайына камалды. Кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 20-январында Башкы прокуратура тарабынан Абдил Сегизбаевге кылмыш иши Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы маалым болгон.

Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын жана бул саясий өч алуу экенин билдирген

Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматынан 2018-жылы 7-апрелде Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган.

УКМК экс-төрагасы Сегизбаев 2021-жылы 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкер катары катышып, атаандашы Садыр Жапаровдун дарегине курч сын-пикирлерди айтып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты