Бейбаштыкка шектелген алты жаран 8-июнга чейин камакка алынды

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бейбаштыкка шектелип кармалган алты жаранды 9-апрелде эки айга камады

Шектүүлөр Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимов эки айга СИЗО-1 тергөө абак жайына камалды.

Ааларга кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренелери менен айып коюлуп жатканын «Азаттыкка» алардын адвокаты Памир Суранбаев билдирди.

Буга чейин кылмышка шектүү катары жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин Бишкек шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматта айтылгандай, 7-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Б.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Р.С., А.М., Э.Т., Н.П., С.Т., Н.А. аттуу жарандарга чара көрүүнү суранган. Себеби алар 2024-жылдын 6-апрелинде коомдук тамактануу жайларынын биринде уруп-согуп денесине залал келтирип, узак убакытка мыйзамсыз кармап турушканын билдирген.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалагынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда жогоруда аталган кылмышка шектүү катары жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негзинде 1985-жылы туулган М.А., 1981-жылы туулган А.Н., 1984-жылы туулган С.Р., 1981-жылы туулган Т.Э., 1988-жылы туулган И.И. жана 1984-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалып Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болгон.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев «Маралга» социалдык тармакта ага карата айтылып жаткан сын-пикир боюнча мындайча комментарий берген:

«Мага Азамат Марипов: «Мен «Мекенчилдердин» башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп атам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да үйлөнүү тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз»,- деп келгени чындык. Мен ары ойлонуп, бери ойлонуп эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Өзү 13 миң доллар чыгым болот экен деп эсептеп келиптир» деди Туманбаев.

Ал эми президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине өздөрүн «мекенчилдер» деп атаган 6 адамдын камакка алынышы тууралуу комментарий берди.

«Кийинки убакта мен «мекенчилмин» деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: «Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө» деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин: «Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап» деп. Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат» деди президент Садыр Жапаров.  

Сүрөт коллажы: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты