​БШК КТРКнын талапкерлердин 30-декабрдагы шайлоо дебатын Ютуб каналынан өчүрүү маселесин карайт

  • 3 года мурун

Кечээ, 30-декабрда, КТРКда президенттик шайлоо алдында Президентикке талапкерлер Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев 30-декабрда КТРКдан дебатка чыккан. Бул дебат КТРКнын Ютуб каналына, Фейсбук баракчасына жайгаштырылып, бирок бир аздан кийин ал берүү өчүрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени карай турганын ЖМКга билдирди.

Дебаттын акырында талапкер Абдил Сегизбаев талапкер Садыр Жапаровго «дебаттан качып жүргөн талапкер» деп кайрылып, ага тогуз суроо узаткан.

Өчүрүлгөн берүү менен бул жактан тааныша аласыз.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты