Жо Байден Кыргызстанга АКШга виза чектөөсүн киргизген мурдагы Президенттин жарлыгын алып салды

  • 3 года мурун

Байден Кыргызстан иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

-Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү INTERPOL мененкызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалыматменен бөлүшүүнү өркүндөттү.Жаңы кыргыз электрондук паспорттору жана укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгы, Кыргыз Республикасында да жана ошондой эле дүйнө жүзүндө да, бардыгыбыздын жашообузду көбүрөөк коопсуз кылмакчы.

COVID-19 пандемиясынын шартында, дүйнө жүзүндөгү Америка Кошмо Штаттарынын элчиликтеринде виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн kg.usembassy.gov веб-сайтыбызга кайрылыңыздар.

Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгөумтулат, -деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын 46-Президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис 20-январда Капитолийдин алдында ант берди.

АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылдын аягына чейин чет өлкөлүктөргө жумуш визасын берүүнү токтотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты