​АКШнын 46-Президенти Жо Байден ант берди

  • 3 года мурун

АКШнын 46-Президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис 20-январда Капитолийдин алдында ант берди.

Камалла Харрис АКШнын тарыхында вице-президент аял болду.

Ант берүү аземи түз эфирде көрсөтүлүп турду.

“Бул — Американын күнү, демократия күнү. Тарыхтын күнү, жаңыланууга үмүттүн күнү. Биз бүгүн талапкердин триумфун белгилеген жокпуз, биз максаттын триумфун, демократиянын максатын белгилеп жатабыз. Элдин талабы угулду. Биз дагы бир жолу демократия баалуу экенин, ал назик экенин билдик” деди Байден.

Инаугурацияга экс-президенттер Жорж Буш, Билл Клинтон, Барак Обама катышты. 96 жаштагы Жимми Картер катыша албай турганын кабарлаган.

Ал эми кетип жаткан Президент Дональд Трамп ант берүү аземине катышкан жок, азем болор алдында ал Флорида штатына учуп кеткени маалым болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты