БУУ алдындагы туруктуу өкүлчүлүк Нооруз майрамын уюштурду

  • 1 месяц мурун

20-мартта Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Туруктуу өкүлчүлүгү Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан биргелешип уюштурган Нооруз майрамына катышты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш- чарага БУУга мүчө мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Иш-чарада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш жана БУУнун 78-сессиясынын төрагасы Д.Франсис куттуктоо сөздөрүн айтты.  

Уюштуруучу 12 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү да куттуктоо сөздөрүн айтышты. Иш-чарада дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Ноорузду майрамдоо тууралуу кыскача видеороликтер көрсөтүлүп, чɵлкɵмдүн инструменталдык музыкасы, улуттук даамдар тартууланды.

Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Нооруздун кыргыздар үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, аны Кыргызстанда майрамдоо салты менен бөлүштү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты