Президент Жапаров: АКШ менен саясий диалогду өнүктүрүү — тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири 

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 28-мартта өлкөгө иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору (Монтана штатынан) Стив Дэйнсти кабыл алды.

Маалыматта айтылгандай, эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы өз-ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.

Көп тараптуу форматтагы кызматташтык тууралуу айтып жатып, ал Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жалпы кызыкчылык экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан “C5+1” (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну улантат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Стив Дэйнс Борбор Азия регионунун стратегиялык маанисине басым жасап, региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты