АКШдагы элчи Аманбаев Space X компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

  • 1 месяц мурун

2024-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Б.Аманбаев америкалык «Space X» компаниясынын  глобалдык лицензиялоо жана активдештирүү боюнча директору Ребекка Хантер айым менен жолугушту. 

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда кыргыз элин космостон берилүүчү тез ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу маселси талкууланды.

Аталган америкалык компания менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр эки жыл илгери башталган.

Жолугушууну жүрүшүндө Хантер айым буга чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң долбоорду ишке ашырууда дуушар болгон көйлөр тууралуу маалымдап,  аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Аманбаев өз кезегинде элчилик менен Space X компаниясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгилеп, келечекте да биргелешип иш алып барып, коюлган максатка жетүүгө чогуу аракет кылаарын убада кылды.

Ошондой эле тараптар долбоорду ишке ашырууда «Space X» компаниясы дуушар болгон маселерди келечекте кошумча талкуулоону убадалышты.

Starlink — америкалык SpaceX аэрокосмостук компаниясы дүйнө жүзүндөгү 90дон ашык өлкөгө космостон спутник аркылуу тез интернет менен камсыз кылат. 

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты