Айыл чарба министринин орун басары болуп Бермет Турсалиева дайындалды
- 3 года мурун
Айыл чарба, тамак-ашөнөр жайы жана мелиорация министринин орун басарлыгына Бермет Турсалиева дайындалды.
Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев Фейсбук баракчасында кабарлады.
— Айыл-чарба тармагы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Реформа жасоо үчүн күчтүү команда керек. Бермет айым министрликке жаратмандык маданиятты алып келип, прогрессивдүү көп жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз, — деп ишенем деди Токтогазиев.
Буга чейин бермет Турсалиева бир катар долбоорлордо, анын ичинде “Агрардык платформа” долбоорунда иштеп, көптөгөн айтылуу ишкана, заводдор менен иштешип келгенди айтылды.
Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.
Муну бөлүшүү