Айыл чарба министринин үч орун басары кызматтан бошотулуп, жаңылар дайындалды  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 15-мартта, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Мурат Раматов, орун басарлары Маил Алияскаров жана Айнура Туйбаева кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.

Ал эми Кубат Касеинов айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Асел Кененбаева министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары жана Мирбек Дүйшеев министрдин орун басары болуп дайындалды.   

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.  

Кечээ , 13-мартта, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай мурдагы министри кармалган. Маалыматтарга караганда ал экс-министр Эркинбек Чодуев,

«Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала 500 миллион сомго бааланууда» деп жазылат маалыматта.

Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кызматтан бошотулган министрдин орун басарларынын кандай негизде бошотулганы ачыкталган жок, УКМК кабарлаган кылмыш ишине тиешеси бар-жоктугу да маалымдалган эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты