Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сүйлөштү

  • 3 месяца мурун

4-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тажик тараптын чакыруусу боюнча Тажикстанга расмий сапар менен барды. Ошол эле күнү Душанбе шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддиндин чакан жана кеңейтилген форматта жолугушуулары болуп өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министр Кулубаев белгилегендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин толук бүтүрүү тараптарга өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин ар бир тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.

2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өткөн. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.

Сүрөт: КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты