Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга келет

  • 4 месяца мурун

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 8-9-январда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.

Сүрөттө: Хакан Фидан. mfa.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты