Министр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 8-январда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан COVID-19га каршы эмдөө алды. Министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам» деди Бейшеналиев.

«Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат” деди министр.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, республикада COVID-19 илдетине жумалык мониторинг улантылууда. 

Ага ылайык, жумасына 2 ден 6 га чейин учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Курч респиратордук оорулар менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын ичинен көрсөткүчтөр боюнча COVID-19га анализдер тандалып алынат, лабораториялык жыйынтыктар боюнча 1 жуманын ичинде 1 тастыкталган учур катталган

 Ошондой эле, COVID-19га шектелген учурда ПЦР изилдөөгө анализ алынат. Учурда баардык облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборлорунда ПЦР лабораториялары иштеп, тесттик системалар менен камсыздалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты