​Мирлан Бакиров отставкага кетти

  • 3 года мурун

Бүгүн, 23-декабрдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырарын билдирди.

«Өнүгүү- Прогресс» парламенттик фракциясынан депутаты Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Буга чейин фракция лидери Бакыт Төрөбаев Мирлан Бакировдун парламенттин төрагасынын орун басарлыгынан кетээрин жарыялаган.

«Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги ЖК төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү» деди фракция лидери.

Ал эми «өсүп келе жаткан депутат» Уланбек Исмаилов 53 жашта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты