​Тогуз коргоол ЮНЕСКОнун маданий мурас тизмесине кирди

  • 3 года мурун

Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Бул чечим 2020-жылдын 17-декабрында, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 2020-жылдын 14-декабрынан 19-декабрына чейин, Ямайканын Кингстон шаарында онлайн режиминде болуп өткөн 15-сессиясында кабыл алынган.

“Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык оюн Тогуз Коргоол, Тогуз Кумалак, Мангала” аталышындагы номинация Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын биргелешкен номинациясы.

Бул номинацияны ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы Тогуз коргоол федерациясы, “Айгине” маданий изилдөө борбору менен бирге 2019-жылы даярдаган.

ЮНЕСКОго көрсөтүүнү илгерилетүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КР ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүгү колдоо көрсөттү.

Кыргызстандан «Манас”, “Семетей”, “Сейтек» эпикалык үчилтиги, акындар өнөрү, кийизден килем жасоо өнөрү: ала-кийиз, шырдак, боз үй жасоонун салттуу билими жана чеберчилиги (Кыргызстан, Казакстан), импровизация өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Айтыш (Кыргызстан, Казакстан), жука нан жасоо маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка (көп улуттуу номинация), Нооруз (көп улуттуу номинация), Көк бөрү улуттук ат оюну, эркектердин баш кийими ак калпак жасоодо жана кийүүдө салттуу билимдери кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты