“Мурас” турнири: Садыр Жапаров мыкты бомбардир деп табылды  

  • 11 месяцев мурун
“Мурас” турнири: Садыр Жапаров мыкты бомбардир деп табылды  

Бүгүн, 28 майда, футбол боюнча «Мурас» аттуу мелдештин финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында — 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 7-3 эсеби менен жеңди.

Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

«Мурас» негизги мелдешинин жыйынтыгы мындай болду:

1-орун — «Ден-соолук» командасы;

2-орун — «Спорттук федерациялар»;

3-орун — «Президенттин командасы»;

4 орун — «Коопсуздук» командасы.

Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:

Мыкты оюнчу — Алмаз Акун (Спорттук Федерациялар)

Мыкты бомбардир — Садыр Жапаров («Президенттин командасы»)

Мыкты дарбазачы — Жолдошбеков Сейит («Ден-соолук»)

«Мурас» турниринин байге фонду 1 миллион сомду түзөт, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири 27-майда башталган. Турнирге 16 команда катышты.

Сүрөт: Кыргыз футбол союзу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты