Баатырларча курман болгон чек арачы Жанибек Якубовдун эстелиги ачылды

  • 10 месяцев мурун

Баткен облусунун Лейлек районунун Мурас айылында  Мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Жанибек Якубовдун эстелиги ачылды.

Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага облус жана район жетекчилигинин өкүлдөрү, жакындары жана айылдаштары катышты.

Жанибек Якубов Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик милдетин аткарып келип, акыркы алты жылда Чек ара кызматында кызмат өтөп жүргөн. Ал 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы тажиктердин кол салуусунда баатырларча курман болгон.

25 жаштагы чек арачынын эрдигин түбөлүккө калтыруу максатында айылдаштары анын эстелигин тургузуу демилгесин көтөргөн. Демилгени Кең-Талаа айыл аймагынын жетекчилиги колдоого алып, эстелик курулушу башталган.

Эстеликтин ачылыш аземине келгендер Жанибек Якубовдун Мекенди коргоодогу эрдигин, аты түбөлүк сакталарын баса белгиледи.   

     

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты