Президент Парижде “Бир планета” саммитине катышат

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров  9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы “Бир планета” саммитине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азимбакиев билдирди.

Мамлекет башчы ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Сапар учурунда Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) башкы катчысы Матиас Корман жана бир катар энергетика компанияларынын жетекчилери менен жолугушат.    

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты