Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

  • 5 месяцев мурун

Кыргыз аялатынын улуттук баш кийими болгон элечек 6-декабрда ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынган.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине көкбөрү оюну,  “Манас, Семетей, Сейтек” трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак, ак калпак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо (Кыргызстан, Казакстан), айтыш өнөрү (Кыргызстан, Казакстан), лаваш, катырма, жупка жасоо маданияты (көп улуттук номинация) да кирген.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесинде Сулайман-Тоо, Чүй облусундагы Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) жана Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары кирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты