​Депутат Иманалиев: Конституциялык укукту билбеген депутаттар конституциялык мыйзамды кабыл алганы жатат

  • 3 года мурун

Депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 10-декабрда, конституциялык референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоо учурунда Конституциялык укукту билбеген депутаттар конституциялык мыйзамды кабыл алып жатканын айтып чыкты.

-Эл чечсин, бирок элге чейин мыйзамдагы дөөлөттү көрсөтүп беришибиз керек. Баарына каршы дегенди коштук дешет, бирок эл баарына каршы добуш берсе, анда кандай болот, халифат болобу?

Юристтер көп, бирок конституциялык укук боюнча өлкөдө 10го жакын эле адис бар, ошолордун жетөө каршы чыкты.

Эки жээк болуп кайым айтыша бербей, бир чечимге келип талкуулап, чечим кабыл алалы.

Мен улуттук диалогго чакырам. Мындай чечимди кысым жана күч менен кабыл албайлы. Садыр Жапаровдун да тарапташтарын, парламенттин жана мурдагы Конституция авторлорун. Абдыганв Эркебаевди, Чолпон Баекованы жана жаш юристтерди чакыралы” деди Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңеш кечээ, 9-декабрда,Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты