Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 3 года мурун

12-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосуна, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштөгү колдоосуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Кыргызстандын Россия менен болгон мамилелерди мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өңүтүндө өнүктүрүү ниети бар экенине ишендирди.

10-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун онлайн -саммитинде сүйлөп жатып Орусия Президенти Владимир Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранып, Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты