Президенттикке талапкерлер: Саясатчы, экономист, жумушсуз, пенсионер. Дагы кимдер? (Тизме)

11-ноябрга карата Кыргыз Республикасынын Президенттигине 12 талапкер БШКга арыз менен кайрылды.

Талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин жүрөт.

11-ноябрда Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова арыз берди.

Талапкерлер менен тааныштыра кетели.

Биринчи болуп, Президенттикке талапкерликке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызы менен 1965-жылдын 9-мартында туулган, «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров 30-октябрда кайрылган.

Президенттикке өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу 31-октябрда Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылдын 28-апрелинде туулган, «Аурдин» ЖЧК директору Арстанбек Абдылдаевден БШКга арыз түшкөн.














Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу 1981-жылдын 29-сентябрында туулган,“Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФ башкаруунун төрагасы Кубан Чороевден арыз түшкөн.




Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 4-ноябрда 1975-жылдын 7-февралында туулган, депутат Канат Исаев Президенттик кызматына өзүн өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койгон арыз менен кайрылган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 4-ноябрда 1958-жылы туулган, «Апрель» коомдук бирикмесинин төрагасы Бакыт Бакетаев, Президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койгон арыз менен кайрылган.















Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу 1969-жылдын 5-мартында туулган, убактылуу иштебеген Бектур Асановдон 2-ноябрда БШКга арыз түшкөн.




Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 20-мартында туулган, «Лига-Антикризис» КБ президенти Назарбек Нышановдон 31-октябрда БШКга арыз түшкөн.

БШКга Президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөтүү менен 1959-жылы туулган, пенсиядагы Абдыкаар Сыдыковдон 5-ноябрда арыз түштү.
















БШКга 1954-жылы 28-августта туулган, «Комплекстүү жабдуу борборунун» башкы директору, «Улутман» республикалык партиясы» саясий партиясынан кѳрсѳтүлгѳн Сазыкбай Турдумалиев 5-ноябрда арыз менен кайрылды.






БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ 1969-жылдын 10-декабрда туулган, убактылуу иштебеген Нурлан Мотуев 6-ноябрда арыз менен кайрылган.



















БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ 1966-жылдын 9-майында туулган, «Толубай» АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси Жеңишбек Байгуттиев 10-ноябрдаарыз менен кайрылды.


Конституциялык палатанын экс-төрайымы, “Укук мектеби”коомдук бирикмесинин төрайымы Клара Сооронкулова БШКга Президенттикке талапкер болуу арызы менен кайрылды. Ал өзүн өзү көрсөтүп чыкты.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда..

Талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин жүрөт.

Талапкер болуу ниетин ошондой эле Садык Шер Нияз билдирди.

Сүрөттөр: БШК жана Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты