​Бишкекте тойканаларды жарым айга жабуу пландалып жатат

Жаңылыктар

Бишкекте коронавирус инфекциясы кооптуу боло баштаганына байланыштуу тойканаларды 15 күнгө жабуу пландалып жатат.

Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

-15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз, деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Бишкекте бүгүн 5-октябрда, коронавирус башка аймактарга караганда көп аныкталды, 151 кишиден чыкты. Кечээ да 151 болуп, башка аймактардан көп болуп жатат.