Иракта үйлөнүү үлпөтү учурунда өрт чыгып, жүздөгөн адамдар каза тапты

Ирактын түндүгүндө, Найнава провинциясында 27-сентябрда үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан имаратта өрт чыгып, тойго келген жүздөгөн адамдар каза тапты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМК кабарлоодо.

Социалдык тармактардагы акыркы маалыматтарда каза тапкандардын саны 400 дөн ашуун экендиги айтылууда. Жаңы үйлөнүп жаткандар да көз жумгандыгын медицина кызматкерлери тастыктаган.  

Той өтүп жаткан имараттагы өрттүн себеби азырынча айтыла элек, бирок адистер ичине фейерверк жандыруудан чыккан болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Би-Би-Синин маалымдашынча, үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан тойкананын 9 кызматкери камакка алынган, дагы 4 кызматкерди камоого ордер жазылган. Ирак ИИМинин маалыматы боюнча, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан, имаратты курууда тез күйө турган материлдардын колдонулушунан улам чыккан болушу мүмкүн.     

Сүрөт: Al Arabiya

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты