Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн жайларды жабуу тапшырмасы берилгенин билдирди

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин 2023-жылдын 1-декабрына чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишин токтотуу тапшырмасы берилгенин билдирди.

Бул тууралуу Ташиев УКМКнын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда айтканын УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдеттери катары жарандарга имтимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти.

Өз учурунда УКМКга аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жекетчилери кызматырнан бошотулары эскертилди.

26-ноябрга караган түнү Бишкек шаарында массаж салонунун атына жамынган 10 сойкукана аныкталды жана алардын уюштуруучулары кармалды.

Маалыматта айтылгандай, ал жайлардын уюштуруучулары жана 18 жаштан 30 жашка чейинки жеңил ойлуу 70 кыз-келин кармалган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайлардын студенттери да бар.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулук менен алектенүү же ыплас иштерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) каралган кылмыш иштинин алкагында сойкуканалардын 10 уюштуруучусу кармалды. Алар Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты