Депутат Түлөбаев президентти медиа коомчулук менен диалогго чакырды

  • 3 месяца мурун

18-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынада депутаты Балбак Түлөбаев 17-январда камакка алынган журналисттер боюнча Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен диалогго барууга чакырды..

“Парижде, Токиодо, Нью-Йоркто жана Вашингтондо отурган эксперттер биздин ички саясатыбызды үтүр-чекитине чейин билбейт. Ошондуктан өлкөдөгү өзүбүздүн журналисттер менен сот, прокуратура, ички иштер органдарын жаныңызга алып алып сүйлөшүңүз. Медиа коомчулук менен мунасага келиңиз. Азыр жөнөкөй көрүнгөнү менен алдыда залакасы тиет. Өлкөбүз өсүп-өнүгүп келатат. Эч кимге жалдырабай өзүбүздүн саясатты жүргүзгөнгө аракет кылып атабыз. Бирок ушуга окшогон кээ бир нерселер залакасын тийгизет. Ошон үчүн журналисттерди чогултуп сүйлөшүңүз” деди депутат  Түлөбаев.

17-январда,мурда 48 саатка деп кармалган журналисттер, редакция кызматкерлеринин баары эки айга Бишкектеги СИЗО-1 ге камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Сүрөттө: Балбак Түлөбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты