Бишкекте бир айда кеминде 30 миңден ашык той-маараке өткөрүлөт. Андагы коопсуздуктун сакталышы кооптуу    

  • 6 месяцев мурун

Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата маалыматында Кыргызстанда кафе, ресторан, тойканалардын саны 15 миңден ашкан. Анын ичинен 2600дөн ашыгы Бишкек шаарында жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бул имараттарда күз айлары бери дегенде 3 жолудан чоң же кичи иш-чаралар өткөрүлөт. Бул орто эсеп менен Бишкекте эле бир айда 30 миңден ашык той-аш, маараке өткөрүлөрүнөн кабар берет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, той-маараке өткөрүлүп жаткан имаратттарда коопсуздук маселеси дагы эле бар. Тойлордо той ээлери алган фейерверк, көрнөк-жарнактары үчүн электр чубалгылары өрттүн чыгуу ыктымалдыгын көбөйтөрүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Кандай коопсуздук эрежелери сакталышы керек?

-Уулу заттарды бөлүп чыгара турган жана тез күйө турган жасалгалоочу материалдар болбошу керек;

-Синтетикалык материалдардан жасалган килем жана жол килемчелерди колдонууга тыюу салынат;

-Ресторан, кафе, ашканалардын администрациясы залга келгендердин толуп кетпешине жол бербеш керек;  

-Кезметчиде дем алуу органдарын жекече коргоочу каражаттар жана электр фонарлары болушу керек;

-Суюлтулган күйүүчү газ толтурулган баллондор менен иштеген жылыткычтарды, дизелдик жана башка күйүүчү суюктук менен иштеген тамак даярдоочу аппараттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салынат;

-Адамдарды эвакуациялоого алып келген негизги өткөөл бош калтырылышы керек;

-эл көп чогулган имараттагы эмерек, буюмдардын өрткө турушутук берүүсү атайын лабораториядан өтүп, тастыкталашы керек:

-коомдук тамактануу жайлары атайын өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыз кылынышы керек, кызматкерлер кырсык учурундагы коопсуздук эрежелерин так билиши керек.  

Ирактын түндүгүндө, Найнава провинциясында 27-сентябрда үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан имаратта өрт чыгып, тойго келген жүздөгөн адамдар каза тапкан. Социалдык тармактардагы акыркы маалыматтарда каза тапкандардын саны 400 дөн ашуун экендиги айтылган. Жаңы үйлөнүп жаткандар да көз жумгандыгын медицина кызматкерлери тастыктаган.  

Би-Би-Синин маалымдашынча, үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан тойкананын 9 кызматкери камакка алынган, дагы 4 кызматкерди камоого ордер жазылган. Ирак ИИМинин маалыматы боюнча, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан, имаратты курууда тез күйө турган материлдардын колдонулушунан улам чыккан болушу мүмкүн.     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты