Азыр Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болбойт

Фактчекинг

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда “ВВСге” берген маегинде Конституциянын жаңы проектин Жогорку Кеңешке жибергенин маалымдады. Анда Садыр Жапаров: “Эгерде мыйзам жол берсе, мен катышам. Бүгүнкү Конституция боюнча жол берилбейт экен. Биз Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтүп жатабыз. Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде карап, чечимин чыгарып берсе, аны элге алып чыгалы деп жатабыз”, - деди.

Бирок, юристтер жана айрым депутаттар бул маселени азырынча көтөрүүгө укуктук негиз жок экенин билдирүүдө.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юрист Сания Токтогазиева эмнеге Конституциялык өзгөртүүгө барбашыбыз керек экендигин бизге айтып берди:

Учурда менин байкоолорум боюнча, Жапаров жана анын командасынын конституциялык референдумду өткөрүү жана 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү боюнча 3 планы бар.

1. ЖК жана референдум аркылуу

2. Конституциялык палата аркылуу

3. Элдик Курултай аркылуу

Келгиле, ар бир планды талкуулайлы”, - дейт Токтогазиева.

Сания Токтогазиеванын айтымында, С. Жапаровдун биринчи планы боюнча учурда Референдум жарыялоого бийлик бутактарынын укугу жок:

1 план:Түзөтүүлөрдү Президент да, Премьер-министр да жасай албайт. Бир гана Жогорку Кеңеш жайсай алат. Азыркы Жогорку Кеңештин расмий жана формалдуу мөөнөтү 15-октябрда аяктаган. Алар учурда пайда болгон саясий вакуумдун алдын алуу үчүн ишин улантууга аргасыз. Бирок бул чакырылыш Конституцияга өзгөртүү киргизүү сыяктуу фундаменталдуу жана адаттан тыш чараларга барууга укугу жок.

“Жогорку Соттун Конституциялык палатасы өтүнүчтү кабыл албаш керек” - дейт Токтогазиева:

2-план:Азыр КПга {КП - Конституциялык Палата - ред.} Султаналиевден Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясын киргизүү жөнүндө” мыйзамын таануу жөнүндө арыз келип түштү. Кайрылуунун бир максаты бар, атап айтканда 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү башкача айтканда реабилитация кылуу. Биздин мурунку уят Конституциялык Сотубузда дагы ушундай прецедент болгон, 2007-жылы Бакиевдин буйругу менен Конституциялык Соттун бир чечими менен 2006-жылдагы конституция жокко чыгарылып, 1993-жылкы конституция кайра келген. Демек, Жапаровдун жана анын командасынын бул планы таптакыр абсурд, анын эч кандай укуктук негизи жок жана Кыргызстандын укуктук же конституциялык чындыгына же акыл-эстин логикасына дал келбейт! Мен КП бул өтүнүчтү кабыл албайт деп ишенем.”

“Элдик курултай”

3-план: “Элдик курултай, буну талкуунун деле кажети жок! Бул органдын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, референдум дайындоого конституциялык укугу жок.”

Ошондой эле, Сания Токтогазиева Конституцияга барыш керек экендигибизди, бирок азыр ага дал келген убакыт эмес экендигин айткан:

“Ооба, азыркы 2010-жылдагы Конституциябыз, 2016-жылы Атамбаевдин оңдоолорунан кийин, өтө жеткилең эмес конституцияга айланды. Келечекте биз аны чыпкалап, парламентаризмдин чыныгы жолуна салуубуз керек! Бирок азыр эмес! Учурдагы саясий жагдай буга ыңгайлуу шарттарды түзбөйт.

Эгерде азыр референдумга жол берсек, анда бул Кыргызстандагы суперпрезиденттик, кландык жана авторитардык режимдин калыбына келишине алып келет. Натыйжалуу текшерүү жана тең салмактуулук механизми бар конституцияны кабыл алуу үчүн саясий плюрализм жана конституциялык процессте максималдуу өкүлчүлүк талап кылынат. Бизде азыр андай жок!”, - деген пикирин калтырган.

Ошондой эле, Конституциянын “атасы” Өмүрбек Текебаев 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституция так сакталышы керек экендигин билдирди:

“Азыр бизде эки тарап турат. Биринчиси - парламенттик шайлоону мөөнөтүндө өткөрүү жана шайлоону жеңип келгендер убадасын аткарып, Конституциялык реформаны жасасын дегендер. Экинчиси - шайлоону ар кандай себептер менен үзгүлтүкө учуратуу жана президенттик бийлик формасын алып келели дегендер. Эгер ушундай боло турган болсо бир-ки жылдан кийин биздин парламент Түркмөнстандын жүгүнгөн парламентине айланат. Мен сизге кепилдик берем”, - деди Ө. Текебаев.

Конституция боюнча өзгөртүүгө Жогорку Кенеш же 300 миң адам демилгечи боло алат

Конституцияны өзгөртүү боюнча жол-жоболору жана өткөрүү убактысы иштеп жаткан Конституциянын 114-беренесинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, Конституцияны өзгөртүү үчүн Жогорку Кеңеш жана 300 000ден кем эмес шайлоочу демилгечи боло алат.

Башкача айтканда, баш мыйзамга ылайык Президент да, Премьер-министр да Конституциялык референдумдун демилгечиси боло албайт. Ошондой эле, Жогорку Кеңеш өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн мыйзамды алты айдан кечиктирбестен, ар бир окуунун арасы 2 ай аралык менен кеминде үч окуудан өткөргөн соң депутаттардын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес (80 депутаттан ашык) макулдугу менен референдумга чыгышы мүмкүн. Конституциялык референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды кабыл алыш үчүн 6 ай убакыт талап кылынат.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Президент кол коюуга тийиш.

Демек азыр Конституцияны өзгөртүүнү демилгелей алган укуктуу орган жок.