​Өмүрбек Текебаев: “Мыйзамга баш ийбей жатабыз” (ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев шайлоо өткөрүп, элге тандоо укугун берүү керек экенин билдирди.

-Биз мыйзамга баш ийбей жатабыз. Президент, депутаттар ант бергенден кийин гана кызматына кирише алат. Эмне үчүн өкмөт ант берип, мыйзамдуу кызматка киришпей жатат? Мыйзамда эки жумадан калбай ант бериши керек делет. Биз мыйзамдан качпай, ага баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек.

Бизде эки максат бар: Биринчиси, шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, жаңы келе турган парламентке референдум өткөрүү укугун берүү. Экинчиси, шайлоону белгилебей, убакыт өткөрүп, мыйзамды өзгөртүү, — деп билдирди.

Экинчи жол менен Түркмөнстанга түптүз кирип барасыңар,- деди Өмүрбек Текебаев.

Бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп, күн тартиби бекитилбей жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты