Кыргызстандагы конституциялык тартипке каршы коркунучтар тууралуу билдирүү

  • 4 года мурун

Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги Кыргызстандагы кырдаал тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

-АКШ Кыргыз Республикасындагы тынчтык жана демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт. Толугу менен ачык көрүнүп тургандай, демократиялык процесстердин жолунда турган бөгөттөрдүн бири – уюшулган кылмыштык топтордун саясат менен шайлоого таасир этүү аракети. Буга, 4-октябрь шайлоодогу добуш сатып алуу, 9-октябрда Ала Тоо аянтындагы зомбулук жана коркутуулар, ошондой эле, 10-октябрдагы парламенттик жыйындагы бузуулар далил болуп турат.

Кошмо Штаттары Президент Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун конституциялык тартипке кайтарып келүү аракеттерин колдойт. Жарандар жана алардын лидерлери уюшулган криминалдын жана коррупциянын саясаттагы таасирине каршы күрөшүн улантуусу зарыл.

Кыргызстандын конституциясын аткаруу жана мыйзам үстөмдүгү башкы максат болуусу тийиш.

Кошмо Штаттары кыргыз элин колдоп, жана Кыргыз Республикасынын бардык кошуналарын жана эле аралык өнөктөштөрүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүн урматтоого чакырат. Анткени, кыргыз эли бул маселелерди чечүү үчүн зомбулуксуз жана өз алдынча иш алып барууда.

Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты