​“Ала -Тоо” аянтындагы митинг

  • 3 года мурун

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын митинги алгач “Ала – Тоо” аянтында башталды.

Митингге “Социал-демократтар”, “Чоң казат”, “Реформа”, “Мекенчил”, “Мекен ынтымагы партиялары катышты.

Анда шайлоодогу мыйзам бузуулар, шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо сунушу айтылууда.

Парламенттик шайлоого нааразы болгондордун митинги саат 14:00дө Опера жана балет театрынын алдында өтөт. Ал митингге “Ата Мекен”, «Республика», “Бир бол” жана башка партия өкүлдөрү катышат.

Шайлоого катышкан «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа», «Замандаш», «Социал-демократтар» жана «Ыйман Нуру» партиялары добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул эмес экендигин билдиришти.

«Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери түнкү бирде басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өттү.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты