​Юридикалык коомчулук өлкөнү укуктук талаага кайтаруу боюнча кайрылуу жасады

Өлкөнүн юридикалык коомчулугу, соттук- укуктук реформага мониторинг жасоо боюнча эксперттик топ өлкөнү укуктук талаага кайтаруу тууралуу кайрылуу жасады.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

— Саясий айдыңдагы карама-каршы көз караштар өлкөнү укуктук талаага кайтарып бириктирүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын байкап турабыз. Учурда биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө чыныгы коркунуч туулду. Кандай абал түзүлгөнүнө карабастан, биринчи кезекте саясатчылар адам укугун, бийликти конституциялык жол менен бөлүштүрүүгө, Конституция жана мыйзам боюнча иш жүргүзүүгө чакырабыз деп билдирди.

Юридикалык коомчулук буларды сунуш кылат:

— Биринчи кезекте мамлекеттик органдардын ишин укуктук талаага кайтаруу керек;

— Мамлекеттик система туруктуу иштеши керек. Жетекчилери алмашса дагы, мамлекеттик органдар мыйзам боюнча өз милдетин аткарышы керек, айрыкча бул укук коргоо органдарына тиешелүү;

— Кызматтарды рейдердик басып алууну токтотуу, мамлекеттик органдарда болуп жаткан вакханалияны (тартипсиздикти-ред.) токтотуу керек;

— Мамлекетти легитимдүү дайындалган адамдар башкарышы керек;

— Конституция, өкмөт тууралуу мыйзам боюнча министрлер жок кезде, алар дайындалганча, анын милдетин мыйзамдуу түрдө дайындалган орун басарлары аткарат;

— Биз азыр түзүлүп калган Координациялык кеңеш Конституцияда да, мыйзамдарда да көрсөтүлгөн эмес;

— БШК мыйзамдын жыйынтыгын жокко чыгаруу токтомун кабыл алды.Саясий абал жөнгө салынгыча БШК кайталап шайлоо өткөрүүнү кайра дайындашы керек, бийликти жана ресурстарды бөлүүнүн ордуна конституциялык шайлоону өткөрүүгө камданыш керек;

— Азыркы Президент абал мындан да курчуп кетпеши үчүн, укуктук талаага кайтып келиш үчүн, өкмөттүн отставкасын кабыл алыш үчүн бардык чараны көрүш керек;

— Премьер-министрдин отставкасы де-юре мыйзамда жазылгандай жүргөн жок.

— Жогорку Кеңеш өлкө үчүн кыйын кырдаалда өзүнүн тарыхый ролун аткарышы керек;

— Азыркы Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын бекитиши керек, андан кийин аны Президент бекитиши керек;

— Бийлик Президенттен Жогорку Кеңештин төрагасына өткөндөн кийин конституциялык тартипти жөнгө салуу анын милдетине кирет.

Сот системасы Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийиши керек, башка саясий амбициялардын кызыкчылыгын аткарбашы керек.

Укуктук талаа сот системасы мыйзам боюнча иштегенде гана ишке ашырылат.

— Өзүн өзү кызматка алып келгендер мамлекеттик кызматты талкалаганды токтотуп, полномочиесин токтотушу керек;

— Координациялык кеңеш дайындоону токтотсун, мисалы баш прокурорду, ИИМ, УКМК, саламаттык сактоо, билим берүү ж.б. министрлерди дайындагандай.

Башкара албай калганда же коронавирус апаатында бул орду толгус кесепетке алып келиши мүмкүн. Ал үчүн жоопкерчиликке тартуу каралган;

— Азыр жарандардын коопсуздугу эң негизги нерсе болуп калды. Түн ичинде мародерлук болуп, имараттар талкаланды, мамлекеттик имараттар, кен байлыктар, жеке менчик тартылып алынды. Мамлекеттик документтер, кылмыш иштери, далилдер жок кылынып жатат. Буга байланыштуу күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек;

— Жабыр тарткан адамдардын укугу бузулуп жатат. Алардын укуктары кылмыш-процессуалдык мыйзамдар боюнча корголушу керек. Алардын арыздары кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталышы керек, сотко чейинки иш жүргүзүлүшү керек; сот процесси жүрүшү керек; алардын материалдык жабыр тартуусунун орду толтурулушу керек;

— Жогорку Кеңеш өз функциясынын чегинде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча күч органдарын көзөмөлдөшү керек;

— Кылмыш-жаза аткаруу ишин саясий маселени чечүү үчүн колдонбошу керек.

Биз бардык саясий партияларды жана алардын лидерлерин адам укугун коргоого, Конституцияеы жана мыйзамдарды сактоого чакырабыз.

Биз өкмөттүк эмес уюмдарды болуп жаткан процесске мониторинг жасоого чакырабыз. Антпесе хаос жана мыйзамсыздык болуп, орду толгус кесепеттерге алып келбесин;

Биз ушул абалга алып келгендердинжоопкерчилигин эскертебиз. Алар кетирилген кемчиликтерди оңдой башташы керек, азырынча буга мүмкүнчүлүк бар, — дешет кайрылууда.

Иллюстрациялык сүрөт/ «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты