Кемпир-Абад иши боюнча камактагылар депутаттарды чет өлкөлүк өкүл тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды   

  • 6 месяцев мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар депутаттарды чет өлкөлүк өкүл тууралуу мыйзамды кабыл албоого чакырды.   

“Урматтуу депутаттар! Эркиндигибизди жоготуп, адилетсиз жана мыйзамсыз камакта жатсак дагы, Жогорку Кеңештин чет элдик өкүл жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып атышын өлкөбүздүн эркиндигине балта чапкан, улуттук кызыкчылыбызга туура келбеген кадам деп эсептейбиз. Ошондуктан силерге кайрылып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырууну туура көрдүк» деп билдиришти Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар.

Алар бул мыйзам эмне себептен кабыл алынбашы керек экенин мындайча белгилешти:

-ХХI кылымда улуттун мамлекетке кана ээ болушу жетишсиз. Биздин улут эркин мамлекетке ээ болушу керек. Ошондо гана биз өлкөбүздө социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кыла алабыз.

Чет элдик өкүл мыйзамын кабыл алуу Кыргызстанды Түндүк Корея, Түркмөнстан тарапка түртөт. Эркиндик, адам укугу муунтулат. Элибиздин келечеги үчүн эң зарыл болгон жарандык коом жок болот. Жакырчылык, жумушсуздук күчөйт.Эл аралык финансы институттарын, гуманитардык уюмдардын колдоосу азаят же токтойт. Тышкы саясатта авторитардык, диктатуралык мамлекеттер менен гана мамиле кылган “изгой” өлкөлөрдүн катарына биротоло кошулабыз.

Бул мыйзам бийлигин бекемдөөнү, сөз эркиндигин жок кылууну, караңгы көз карашты элибизге таңуулагысы келген кичинекей саясий топтун кана кызыкчылыгына жооп берет.

Ушул себептерден улам, жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин эркиндиктери үчүн күрөшүп, камакта жаткан Кемпир-Абадчылар силерден бул мыйзамда кабыл албоону суранабыз,- деп жазды камактагы Кемпир-Абадчылар.

Кемпир-Абад иши боюнча камактагылар депутаттарды чет өлкөлүк өкүл тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды   

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары. 

Сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Надира Нарматова 2021-жылы бийликчил партия “Ата-Журт Кыргызстандын” курамында Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты болуп шайланган. Нарматова буга чейин дагы чет жактардан каржыланган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Ал эркин ЖМКларга, жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө, кыздардын эркиндигине ж.б. темаларга байланыштуу чуулуу билдирүүлөрдү жасап келгени менен коомчулукка белгилүү. 

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты. Кайрылууга Адам укуктары боюнча эл аарлык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фондусу, Front Line Defenders, Freedom Now, Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Адам укугу үчүн эл аралык федерация  (FIDH), Укук коргоочулардын укугун коргоочу обсерватория алкагында Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (OMCT).

Аталган уюмдар парламенттин депутаттарын парламенттин кароосундагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү коркунуч туудуручу жана ойлонулбаган мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты