Эгиз кыздарын сабаган эне: Прокуратура аны энелик ажыратуу боюнча сотко доо арыз жиберди

  • 5 месяцев мурун

Прокуратура органы наристе эгиз кыздарын сабаган энени энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  

Ушул жылдын 6-ноябрь күнү социалдык тармактарга эки жаштагы эгиз кыздарга карата зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тарап кеткен. Ал окуя Араван районунда катталып, анда энеси төшөккө заара ушаткандыгы үчүн эгиз кыздардын сабап, зомбулук көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Д.С. аттуу жаран кармалган. Кылмыш иши боюнча эгиз кыздардын энеси Д.С.га кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасы (кайненеси) А.Х. аттуу жаранга 41-беренесинин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузулуп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Топтолгон материалдардын негизинде келинге кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы белгилегендей, Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү сабалган кыздардын абалынан кабар алууга Араван райондук ооруканага барышкан.

Эксперттердин айтуусунда, кыздардын денесинде көптөгөн көк-ала, шишик жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу дешкен. 

Мындан тышкары өкүлчүлүктүн кызматкерлери Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып кыздарын сабагандыгы үчүн кармалган С.Д.га жолукту.

Кылмышка шектүү С.Д.окуя боюнча өз версиясын маалымдады. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

“Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем, кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген” деп айтып берген.

Ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес.18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок С.Д.нын атасынын карындашы анын атасынын үйүнө аны киргизбей койгон.

Аял андан кийин С. Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Анын айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты