Мигранттардын эл аралык күнү. Президент Жапаров алардын салымын белгиледи

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда, мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Анда президент мекендештерибиз дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчтарында иштеп, үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салып кошуп келе жаткандыгына ыраазылык билдирди.

«Мигранттардын коомубуздун ажырагыс бөлүгү катары, айрыкча, мамлекеттин башына оор күн келген учурда же ар кандай ийгиликтерди жаратып, эл аралык коомчулукка чыгууда колдоого муктаж болгон жарандарга кол суна билген аракеттери миңдеп саналат. Дегеле миграцияда жүргөндөр социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестиция салышат. Алардын мындай камкордугу менен боорукердиги – жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин эң бийик үлгүсү!» деп белгиледи президент.
Садыр Жапаров ошол эле учурда мамлекет да сыртта жүргөн мигранттарды колдоо багытында иштеп жатканын белгилеп, миграциялык процесстерди турукташтыруу, миграциянын факторлорун жумшартуу аракети көрүлүп жатканын айтып кеткен.

Ошондой эле мамлекет башчы “Кыргызстандын жаркын келечегин куруу үчүн баарыбыз биримдикте, ынтымакта, бир көз карашта болушубуз шарт. Биздин алган багытыбыз бир болгондо гана кыйынчылыктарды жеңип, көздөгөн максатыбызга жетебиз” деди Садыр Жапаров кайрылууда.

18-декабрь — Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бүткүл дүйнө жүзүндө эл аралык мигранттар күнү катары аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны дүйнөнүн булуң-бурчтарында миграцияда жүрөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты