Өлкөдө 211 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адам болсо, алардын 37 миңи — балдар

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрь, ден соолугунанн мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын  эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Кайрылууда айтылгандай, республика боюнча 211 650 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, өкүнүчтүүсү, алардын 37 миңден ашууну — балдар.   

-Аларга каралган социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга, жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн максмалдуу шарттарды камсыз кылууга багытталган аракеттер жасалууда. Ошону менен бирге жалпы коомчулукка майыптуулугу бар адамдар өлкөнүн толук кандуу жарандары деген аң-сезимди жайылтууну максат кылып келебиз,- деди президент Жапаров.  

-Жардамга муктаж жарандарыбызга мээримдүү, күйүмдүү, камкор, кайрымдуу жана карамдуу болууга чакырам,- деп кайрылды мамлекет башчы.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты