Астана шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуу келечеги талкууланууда

Астана шаарында 15-ноябрда башталган жылына өтүүчү Central Asian Think Tanks Forum 17-ноябрга чейин улантылат. Андагы талкууларга Борбор Азиянын изилдөө жана аналитикалык алдыңкы уюмдары катышууда.

Форумдун уюштуруучуларынын айтымында, иш-чарада биринчи кезекте Борбор Азияда деколонизация (Украинадагы согуштан кийин) жана анын талкуусу, коомдогу көз караштарды талдоо жана Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маселе талкууга коюлууда.    

“Украинадагы согуш Борбор Азия өлөкөлөрүн өз алдынча саясат жүргүзүүгө, анын ичинде дүйнөдөгү жана региондогу оюнчулардын пайда болушунун шарттарында тышкы саясаттын жаңы багыттарын издөө керектигин маалымдоодо» деп эсептешет уюштуруучулар.

Форумдагы талкуулар Украинадагы согуштун Борбор Азияга тийгизген таасирине жана регионалдык кызматташтыктын келечегине арналат.

“Форум тажрыйба алмашуу жана эксперттик пикир алмашуу боюнча борбор азиялык аянтча болуп калат. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн изилдөө жана аналитикалык уюмдарынын шериктештик мамилесин бекемдөөгө жардам бермекчи. Ошондой эле коомчулуктун көңүлүн аналитикалык изилдөөлөргө буруп, региондогу актуалдуу маселелерди чечүүгө жардам бермекчи” дешет уюштуруучулар.     

Иш-чара Борбор Азиядагы аналитикалык борборлордун өкүлдөрү үчүн арналат жана жабык түрдө өтөт.

Биринчи эки күнү бардык каалоочулар үчүн дискуссия жана меймандар үчүн лекциялар түз алып көрсөтүлөт. Сессиянын видеотасмалары менен  Paperlab Ютуб-каналынан таанышууга болот.

Форумдун биринчи күнү “Украинадагы согуштун Борбор Азия өлкөлөрүнө тийгизген экономикалык таасири” талкууланат. Ага белгилүү эксперттер, анын ичинде  Айман Турсынхан (EXIMAR Foresight, Казакстан), Юлий Юсупов (Center forEconomic Development, Өзбекстан), Уктам Джумаев (IRSHAD Consulting, Тажикистан) жана Канат Тилекеев (Борбор Азия университети, Кыргызстан) катышат.  Талкуунун модератору Шолпан Айтенова (Zertteu Research Institute, Казакстан) болот.

Биринчи күндүн экинчи жарымында “Борбор Азия регионунун тышкы контурлары” аттуу талкуу болот.  Анда Айжан Шаршенова (Crossroads Central Asia, Кыргызстан), Жумабек Сарабек (политолог, Казакстан) и Марат Мамадшоев  (IWPR Central Asia, Тажикистан) сүйлөйт. Талкууну Анастасия Решетняк (Paperlab, Казакстан) алып барат.

Биринчи күндүн талкуусу Татьяна Шевченконун  (Factum Group Украина) “Орусия агрессиясы учурундагы Украина: коомду трансформациялоо аспектиси жана коомдук пикир” аттуу доклады баяндалат.

Форумдун экинчи күнүндө  Paperlab “Согуш жана эксперттердин пикириндеги Борбор Азиянын келечеги” аттуу изилдөөлөр бет ачары өтөт. Андан кийин “Согуштун Борбор Азияны деколонизацияга таасири” аттуу талкууга белгилүү изилдөөчүлөр Эльмира Ногойбаева (Esimde, Кыргызстан), Галым Жусупбек (Университет им. Сулеймана Демиреля, Казакстан), Айнаш Мустояпова (Е.А. Букетов атындагы Караганды университети, Казакстан) жана Сайфулло Муллоджанов (Тажик улуттук университети, Тажикистан)  катышат.

Талкуунун модератору — Асель Дөөлөткельдиева (Жорж Вашингтон университети, Кыргызстан).

Экинчи күндүн экинчи жарымында “Согуш рефлексиясы жана Борбор Азиядагы коомдук пикир” аттуу талкуу болот. Талкууда Дархан Омирбек (“Азаттык” радиосу, Казакстан), Касиет Ысманова (Central Asia Barometer, Кыргызстан), Эльнура Казакбаева (Evidence CA, Кыргызстан) жана Андрей Ткаченко (Назарбаев университети, Казакстан) катышат.

Экинчи күн аяктар алдында Наталья Ли (IWPR Central Asia, Кыргызстан) “Деколонизация жана Кыргызстандагы орус пропагандасы” аттуу иликтөөсүнүн бет ачарын өткөрөт.  Изилдөөнү Paperlab изилдөө борбору CAPS Unlock регионалдык аналитика борбору менен бирге, Казакстандагы АКШ элчилигинин колдоосу менен жүргүзгөн. Долбоордун шериктеши “Согуш репортажы жана тынчтык” (IWPR) жана  The Guests студиясы.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн пикири Paperlab, CAPS Unlock жана АКШ элчилиги жана башка шериктеш уюмдардын пикирлери менен бирдей болбой калышы ыктымал. Мындагы факты, маалыматтар, ой-пикирлер үчүн жоопкерчиликти чыгып сүйлөгөндөр алышат.     

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты