Кайрылууда журналисттин жеке жашоосуна кийлигишүүнү токтотуу талабы айтылды

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстандын эркин медиасы, көз каранды эмес журналисттери, блогерлери соңку кезде бийликтин жана фейктердин болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатышканы, мындай басымдын бири алардын жеке жашоосуна кийлигишүү экени медиа уюмдардын бүгүн, 7-ноябрда, бийликке жолдогон кайрылуусунда белгиленди.

7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жарыяланган бул билдирүүдө адамдын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосуна кийлигишүү, видеого тартып алып, социалдык түйүндөргө жарыялоо, кибербуллинг сыяктуу көрүнүштөр басымдын эң бир одоно ыкмаларынын бир экени айтылды:

«Бардык мыйзамдарды бузуп, жеке видеолорду, үй-бүлө ичиндеги өз ара сүйлөшүүлөрдү, интимдик сүрөттөрдү жана мыйзам менен корголуучу башка да маалыматтарды тартып, жаздырып, социалдык түйүндөргө чыгарып жатышат. Ал эми атайын түзүлгөн фейктер жана троллдор фабрикасы (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу) ошол жеке маалыматтарды кастык жана кодулоо тилин колдонуп, жайылтууда. Буга жакында эле «Клооптун» журналисти жана «Темиров Лайвдын» кызматкери кабылган окуяларды мисал келтирсек болот».

Кайрылууда ар бир жарандын жеке жашоосунун купуялыгы Конституция менен кепилденери, ага кийлигишүү, маалыматтарды жарыялоо, журналисттерге жалаа жабуу мыйзам бузуу экени, эзелтен элибиздин тарыхый каада-салты боюнча да адамдын жеке ар-намысы, кадыр-баркы жогору турары, сыйланары белгиленди.

«Мамлекет Интернетке чыккан маалыматтарды кылдат көзөмөлдөп, бир аз ката кетирген ЖМКны блоктоп, позициясы өзгөчөлөнгөн жарандарды дароо аныктап жатат. Бирок ошондой эле ыкчам жана натыйжалуу чараны журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосунун купуялыгын бузган маалымат жайылганда көрбөй жатат. Жеке өзү үчүн гана тарткан видеосу же сүрөтү жарыяланып кеткен окуяга ар бир адам туш болушу мүмкүн, бирок бул үчүн эч ким жазага тартылбайт» деп жазылган билдирүүдө.

Ошондуктан медиа коомчулук өкүлдөрү бийликтен журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосун коргоону, мыйзам менен корголгон маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюуну жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартууну, сөз эркиндигине жана көз каранды эмес журналистикага коркунуч келтирген мыйзамдардын кабыл алынышына жол бербөөнү өтүнүштү.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын, журналисттердин эркин иштөөсүнө шарт түзүлгөнүн, тоскоолдук жок экенин белгилеп келет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты