COVID-19: 125 учуру катталды

Жаңылыктар

29-августтагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 125 учуру катталганы белгилүү болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек - 30;
Ош – 2;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу - 12;
Талас облусу - 6;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 31;
Баткен облусу - 22.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 5 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында –3126 учур катталды, алардын ичинен 2440 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 712ге жетти.

247 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 37 973 кө жетти.

Каза болгондор катталган жок.