​Беларусь бийлиги миңден ашуун кишини тергөө абагынан бошотту

  • 4 года мурун

Беларуста бийлик 14-августка караган түнү миңден ашуун кишини камактан бошотту. Беларус ички иштер министри кайрылуу жасап, көчөдө жөн гана өтүп бараткан кишилерге күч колдонулганы үчүн кечирим сурады.

Министр Юрий Караев жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирди.

Лукашенконун дагы бир үзөңгүлөшү, Беларус улуттук кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова президент нааразылык акцияларында кишилер кандай жагдайда кармалганын тактоого тапшырма бергенин айтты.

«Бизге уруш керек эмес. Бизге согуш керек эмес» деди Кочанова. Ал миңден ашык киши мындан ары уруксат берилбеген иш-чараларга катышпоого сөз бергенден кийин боштулганын кошумчалады.

Беларуста нааразылык акцияларынын катышуучуларын кууп таратууда жаракат алгандардын саны жүздөп саналат. Бери дегенде эки киши көз жумду. ОМОН кызматкерлери көчөдө кишилерди союл менен сабашты, айрым учурда ок атуучу курал колдонулду.

Ушул тапта дагы алты миңдей киши камакта. Тергөө абагында отургандарга күч колдонулуп жатканы кабарланууда.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады. на

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты