Ошто жүк ташуучу айдоочулар Өзбекстанга кирүү татаалдашканына нааразы

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 2-апрелде, Ошто Кытайдан жүк ташыган 100дөн ашык айдоочу транспорт жана жол министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын алдына нааразылык билдирип чыкты.

Алар Кытайдан алып келген жүгүн коңшу Өзбекстанга өткөрө албай жатканына даттанууда. Айдоочулар Өзбекстандын тиешелүү кызматтары жүк алып кирүүгө уруксат кагазын талап кылып жатканын айтып, ушундай эле кагазды кыргыз тарап да өзбекстандык айдоочулардан талап кылууга тийиш экенин белгилешти.

Айдоочулар транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен жолугушууну талап кылышууда.

Министрликтин Оштогу башкармалыгынын маалыматында, айдоочулар менен Жерде жана сууда жүрүүчү транспорт департаментинин башчысы Тариэл Келдибеков жолугары күтүлүп жатат.

Өзбекстанга Кыргызстандан кирген жүк ташуучу автоунаалардан атайын жүк алып кирүүгө уруксат кагазын өзбек тарап 1-апрелден тартып талап кыла баштады.

Кытайдан жүк ташыган айдоочулар былтыр декабрда да нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар Кытайга кирүүгө уруксат документтерди кезек менен берүүнү талап кылышкан.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты