Коронавирустун айынан парламенттик шайлоо жылып кетпейби? БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова айтып берет (ВИДЕО)

Маек

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүнүн мейманы - Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова.

Кыргызстанда быйыл жергиликтүү шайлоолор жана парламенттик шайлоо өткөрүү пландалган. Коронавирус пандемиясы жергиликтүү шайлоолорду кийинкиге калтырууга мажбур кылды.

Парламенттик шайлоо да жылып кетпейби? Шайлоодо добуш берүүнүн онлайн формасын киргизүү канчалык реалдуу? Шайлоодогу пайыздык тосмо жана күрөө тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова айтып берди.


- Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы көп нерселерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Анын ичинен бизде дагы өзгөртүүлөр болуп жатат. Мисалы жергиликтүү шайлоолор белгиленди эле, ал дагы өзгөчө абалга байланыштуу жылдырылды. Ушул күздө дагы Жогорку Кеңешке шайлоо жылып кетпейби? Ушул тууралуу оюңузду айтсаңыз?

- Мен парламенттик шайлоону жылдыруу мүмкүн эмес деп ойлойм. Себеби, Конституцияда так белгиленген кепилдик бар, шайланган бийлик өз убагында, өз мөөнөтүндө кетип, анын ордуна шайлоо аркылуу жаңы курам, жаңы бийлик келиш керек деген.

Анан, албетте, мен үчүн да, баарыбыз үчүн коронавирустун экинчи толкуну болуп, абдан көп адамдар ооруга чалдыгып, биздин ошол медицина, поликлиникаларыбыз жетишпей жатса, анда ойлонобуз. Бирок мен үчүн Конституциянын ошол принципиалдуу талабы шайланган эл өкүлчүлүк бийликтин өз убагында, өз мөөнөтүндө кетиши, башка курамдын шайланышы маанилүү.

Жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке шайлоону бир өткөрсө болот

-Жергиликтүү шайлоо жана Жогорку Кеңешке шайлоону бир өткөрүүнү колдоп жатасыз да?

-Албетте, бул 1-июнга чейинки пикирим болчу, 1-июндан баштап мыйзам чегинде болду. Мыйзамда, 4-беренеде так көрсөтүлгөн, эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын иштөө мөөнөтү 1-июндан баштап, 31-ноябрга чейин бүтсө, анда ал жергиликтүү кеңештерге октябрда шайлоо өтөт. Эгерде ошол жылы президенттик же парламенттик шайлоо өтсө, анда аны менен чогуу өтөт деген берене бар. Эгерде биз башталган жана токтотулуп турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду мыйзам чегинде өткөрөбүз десек, анда парламенттик шайлоо менен чогуу өткөргөнгө милдеттүүбүз. Бул - мыйзамдын талабы.

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун кыска айтып кетсем, күтүүсүздөн саясий манипуляция, оюндар болуп кетти, Ош, Токмок, Караколдо, көптөгөн массалык элдик каттоолор жүргөн. Ошто 40 миң кишини бир жарым айда катташкан. Ошондо биз балдар, кыздар, эксперттер, журналисттер менен санап көрсөк, саатына 30га жакын адамды каттоого үлгүрүшкөн экен. Буга мүмкүнчүлүк жок да.

Массалык каттоого туруу фактысы жазасыз калууда

-Ошол каттоолордо кандай жаза, жыйынтык болду?

-Тилекке каршы, жыйынтык болгон жок. Борбордук шайлоо комиссиясынан менин коллегаларым, ошол эле төрайым, шайлоочулардын тизмесине киргизбейбиз деп айтып келе жатат. Мыйзам чегинде Боршайкомдун андай укугу жок, кимди шайлоочулар тизмесине кирет, ким киргизбейт деген.

Муну укук коргоо органдары сөзсүз түрдө далилдеши керек болчу, кылмыштуу кызыкчылыктын аркасы менен бул адамдар шайлоочулар тизмесине киргенге аракет кылды, мыйзам бузулду. Ошол эле ички миграция тууралуу мыйзамдын бузулушу анык эле да.

Тилекке каршы, Башкы прокуратура, укук коргоо органдары төрт айдан бери эч кандай жылыш берген жок.Бирдиктүү реестрде төрт кылмыш иши катталган экен, Ош шаары боюнча эки иш козголсо, ошол 40 миңдин баары текшерилип жатабы же жокпу, башкы прокуратура жооп бере албайт.

Анан бул маселени да ишенемин, балким Борбордук шайлоо комиссиясынынын жыйындарында ачык талкуу кылабыз. Өткөндө Жогорку Кеңеште башкы прокурордун отчетун бекитип жатканда депутаттар бул маселени козгоп, бул маселе боюнча эч кандай жылыш жок деп баа берет деп ойлогом, тилекке каршы, андай болгон жок.

Пандемияны жамынып, бардык саясий партиялар саясий пиар, үгүт иштерин жүргүзүштү. Андан кийин бул добуштарды сатып алуу, элге акысыз кызмат көрсөтүү, тамак-аш таркатуу менен мыйзам бузушту.

-Ушуларды чечип алып, анан жергиликтүү кеңештин шайлоосуна барыш керек да?

--Ооба, мен ошондой пикирдемин, муну Боршайкомдун мүчөлөрү кандай колдойт, бул чоң суроо.

Эгер Жогорку Кеңешке шайлоо жылып кете турган болсо...

-Эгер Жогорку Кеңештин шайлоосу жылып кете турган болсо, анын мыйзамдуу жолу кандай болот? Ушул депутаттар эле иштей береби же кандай болот?

-Менимче, биз шайлоону убагында өткөрөбүз. Жыддырганга бизде шарт, мүмкүнчүлүк жок. Бийлик өз мөөнөтүндө алмаштырылып турбаса, анда өз макамы менен ашыкча пайдалануу, өзүнүн укуктарын кеңейтүү башталат, бул Президентке да, парламентке да тиешелүү.

Андан кийин көрүп жатпайбызбы, Россияда августтун башында конституциялык өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтөт, андан сырткары күзүндө Россияда жергиликтүү шайлоолор өтөт, башка мамлекеттерде бизден эртерээк шайлоо процесстерин өткөргөндөрү бар, ошол эле Россия, Беларусь.

-Эгер жылдырылып калса, мыйзам жол береби?

-Эмнеге шайлоо өз убагында өтүшү керек деген ойдомун, тилекке каршы, Жогорку Кеңештин азыркы курамына элдин нааразычылыгы абдан чоң, коомчулуктун ММКны, сөз эркиндигин чектөө боюнча дагы мыйзам долбоорлору болуп жатат, анан коррупциялык иштер, башкы прокуратуранын иши боюнча Жогорку Кеңеш эч кандай чара көрбөй жатат, анан элдин укуктарын чектеп, башка жооптуу кызматкерлерди, кызмат адамдарын жоопко тарта албай эле, элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды кабыл ала албаганы үчүн бул Жогорку Кеңештин курамына элдин нааразычылыгы чоң. Элдин кыжырына тийип, кайрадан элди ызы-чууга алып барышы мүмкүн.

Мыйзамда бир талап бар да, эгер өзгөчө абал же согуш абалы жарыяланса, анда шайлоо өтпөйт. Пандемия күчөп жатат деп өзгөчө абал киргизгенге толук мүмкүнчүлүк бар да, Жогорку Кеңеш менен Президентте. Аларга мыйзамдаштырганга оңой.

Шайлоо босогосу: Канча пайыз реалдуу?

--Шайлоо босогосун 5 % кылуу боюнча мыйзам долбоору каралбай калды. 7%дык босого кабыл алынып жатат, дегеле Кыргызстан үчүн пайыздык босогонун кайсынысы реалдуу болот?

-Үч шарт, үч тоскоолдук турат пайдаланам деген адамга. Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккандар, журналисттер, IT кызматында ж.б. жаштар, эгер шайлоого барсын, саясатчылардын муунун алмаштырабыз, жаңы адамдар келсин десек, биринчиден, 5 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүш керек, шайлоо босогосун 9 % га көтөрүп коюшкан, эми кайра 7% га калтырууга аракет кылып жатышат. Анан Бишкек, Ош, анан ар бир региондон 0,7 % добуш алыш керек.

Мисалы ошол эле 0,7 % боюнча “Бүтүн Кыргызстан” пайыздардын аркасында Жогорку Кеңешке кирбей калган. Үч чектөө турат. Жаштар бул үч тоскоолдукту эч качан ашып өтө албайт.

Бул мамлекеттик башкаруудагы азыркы олигарх, коррупцияга байланыштуу же мамлекеттик кызматта иштегендер, алардын балдары келип жатышат, ушул үч талап, үч тоскоолдук кайрадан эле ошол адамдардын келишине шарт түзүүдө. Сырттан, жөнөкөй, бизге окшогондор бара албайбыз. Бийлик өзүнүн коопсуздугун, иштөөсүнүн кепилдигин берген шарттар.

7 % ды алып чыгып жатабыз дегендери калп, анткени азыр иштеп жаткан парламент 2015-жылы 7% ды шайлоо босогосу менен шайланып келген. Демек, эң эле жөнөкөй айта турган болсом, азыркы курамдын сапаты кандай, биз ошондой эле курамдагы сапатты алабыз.Эки сөздү кошо албай, башка мамлекеттин атын айта албай, же орусча, же кыргызча сүйлөй албагандар келет.

Ошон үчүн 7% дык шайлоо босогосуна түшүп жатабыз деген бул калп, саясий манипулция, анткени бул мурун бар болчу. Өткөн президенттик шайлоодо бул курам өзүнүн күчүнө абдан ишенген. –

Булар 7% менен келишкен, алар элдин арасында колдоосу бар деп, өздөрүнүн саясий күчүнөушунчалык ишенишкен, 2020-жылдан баштап 9% менен барабыз деп көтөрүп коюшкан.

Күрөө каражаты канча болушу керек?

-Айрым депутаттар күрөө акчаны 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин түшүрүү керектигин айтса, кээ бирөө он миллионго чейин көтөрүү керектигин айтып жатпайбы?

-Депутаттардын арасында, ошол эле бийликте иштеп жаткандар айтышат, депутат же бийликке келген адам акчалуу, өзүн бул жашоодо тапкан, бардыгына жетишкенадамдар келиш керек, ошондо гана, уруп-жулуп өз оокатын бүтүрүш үчүн эмес, эл үчүн иштешет.

Эгерде бизге окшоп, күнүмдүк контракт издеп же биздин жакындарыбызга окшоп, базарда иштеп, булар үй-жайы жок, туруктуу тыйын-тыпыры жок, коррупциялык иштерге тезирээк барат, а биз барбайбыз дешет.

А бирок жашоо шылдың кылып өздөрүн башкача шарттарга алып барып койду. Ошол себептен баары түшүнүп жатат, эски саясий партиялар жоголду, саясий оюндардын аркасынан, өздөрүнүн күчүн , элдин нааразычылыгын билгенден кийин алар кайрадан 7 %га төмөндөтүп, бир аз болсо дагы өзүнүн шартын ыңгайлатыш үчүн. Анткени 5 млн сомдук күрөө боюнча такыр эле жымжырт болуп жатпайбы, сүйлөшпөй эле. 5 миллион деген чоң акча да.

Биздин Жогорку Кеңеш эл өкүлчүлүк бийлик, -эл өкүлчүлүгү дегенде элдин кандай катмары болбосун, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, аялдардын укуктарынын бузулушу, алимент төкпөгөндөр, балдарды зордуктап өлтүргөндөр, толтура болуп жатпайбы, ошондой жалгыз бой аялдардан да Жогорку Кеңешке барыш керек, ошол топтун таламын талашкан айым барыш керек. Биз ошол топтор менен канчалык иштешпейли, мен да кошулуп жардам бергенге аракет кылам, бул суроолор чечилбей турат.

Бажы биримдиги боюнча биздин ишкерлер барыш керек, анткени алар кандай көйгөйлөр бар экенин билишет, фермерлерди, жер-жемиш өстүргөндөрдү кантип башка мамлекет базарларына алып барып сатканга бизде мыйзамдуу толук кандуу шарт түзгөнгө. Анан аны түшүнбөй эле ошол 7 %дык босогону колдоп, 5 млн сом шайлоо күрөөсүн калтырып, өздөрүн бизден өйдөрөөк көргөндөр, Жогорку Кеңеште көрүп жатасыңар, унга болгон салыктарды азайтуу боюнча, мамлекет тараптан колдоо алуу боюнча, өзүлөрүнүн бизнесине жеңилдеткен шарттарды тартканга аракет кылышат. Же бензиндин баасын, же атайын салыктарды жокко чыгаруу боюнча, анткени ошол бизнеске тиешелүүлөр бар. Бизнестин, чоң олигархтардын же болбосо кайсы бир тараптардын коррупцияга байланыштуу иш-аракеттерин мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоорлору көбүрөөк кабыл алынып калып жатат.

А чындап эле мен айткан жөнөкөй группалардын тагдырын чечип, реалдуу укуктарын көтөрүп, иштөө шарттарын кеңейткен боюнча эч кандай мыйзам долбоорлору каралбай жатпайбы.

Тилекке каршы, бул суроого Президент кийлигишип кетти, 7% дык босого туура болот го деп. Балким Президентке бир тараптуу маалымат жеткен деп ойлойм.

Мисалы социалдык аралыкты сактоо менен, азыраак келип калышы мүмкүн, бир-эки миллиондун тегерегиндеги шайлоочулар добуш берсе, ошонун 7%ы 140 миңден ашыгыраак алыш керек, утам деген партия, күрөөнү төккөндөн кийин. 5% болсо, бул 100 миңдин тегереги. Ошондо 40 миң шайлоочуну ары-бери ойноткон болот.

5 %га түшүрсө, балким 8 же 9 партия келип калышы мүмкүн, бирок ал партиялардын да, Боршайкомдун төрайымы да, Жогорку Кеңешке барып калп айтпадыбы,бул консолидацияга, элди ынтымакка, биримдикке, саясий партиялардын күчтөнүп иштешине алып келет деп. Бул - жалган, Нуржан Шайлдабекова өзүнүн төрайымдык укуктарынан ашыкча колдонуп, жеке пикирин биз менен кеңешпестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын пикири катары көрсөттү.

-Борбордук шайлоо комиссиясы пикирин айтканга укугу барбы?

-Төрайымы катары укугу бар. Биз кайсы бир саясий партияга, кайсы бир бийликке, бийлик адамдарына боор тартпашыбыз керек, тең тарап көз караш болуш керек. Ал көз каранды болгондугун көрсөтүп койдуэ

Президентке так маалымат жеткириш керек, 7 пайыз менен кайтадан эле ушул сапаттагы курам келет. Ушундай сапаттагы курам менен биз эч кандай реформа жүргүзө албайбыз.

5% дык курам менен регионалдык партиялар, улутчул же динге байланыштуу партиялар келип калышы мүмкүн деп айтып жатышпайбы. Бирок эмнеге биз өзүбүздүн элибизден коркушубуз керек, элдин арасында ошондой пикир, маанай болсо? “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, эгерде ошондой маанай болсо, аны эмнеге жашырыбыз керек? Келишсин, иштешсин.

Ошол себептен мен ойлойм, өзүбүздүн жарандарыбыздан, элибизден бийлик коркпош керек да. 5 % га түшүрүп, шайлоо күрөөсүн негизи жокко чыгарган туура болмок. Бирок жокко чыгаруу боюнча эч кандай мыйзам долбоору жок, 5 млн шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүү боюнча, шайлоо босогосун 5 % га түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун көгөрүп эле, мыйзам бузуп, карабай жатышпайбы.

Жогорку Кеңештин регламенти, мыйзам боюнча төрага абдан чоң катачылык кетирип жатат, мен билбейм, эртеңки күнү элдин арасына барып, кантип жооп берерин.

Биринчиден, парламенттик угуу болуш керек болчу, экинчиден, 7 % мыйзам долбоору Президент Жогорку Кеңешке келип, 7% туура болот го дегенден кийин пайда болду, ошол мыйзам долбоорун эртерээк түртүп жатышат. Берки 5 % боюнча демилгеленген мыйзам долбоору өткөн жылы декабрда, 7 % боюнча жазында демилгеленген, анан ошол кыштагы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке чыгарбай эле, мунусун түрткөндөр бул да - регламентти

Жогорку Кеңештин реламент тууралуу мыйзамына ылайык, эки мыйзамды бириктирип, парламенттик талкуу өткөрсөк, бир орток чечимге келсек болмок.

Ошондо парламентке, парламент кабыл алып жаткан чечимдерге элдин ишеними жогоруламак. Эгер биз шайлоо өткөрүү тууралуу мыйзамдарды мыйзам бузуу менен кабыл алсак, анда кантип шайлоо өзү мыйзамдуу өтөт? Эл кантип добуш берүүнүн жыйынтыктарына ишенет?

Билбейм, аны өзгөртүүгө Жогорку Кеңештин күчү жетеби-жетпейби, баары бир, менин пикиримче, 7 %ды өткөрүшөт. Бирок Конституция боюнча Президент каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарып бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Мен ойлойт элем, эгер Президент чындап эле бардык тараптардын пикирин угуп, элден коркпой, кандай маанай болсо элде, ошондой маанайдагы адамдар келсин десе, элде дагы үмүт пайда болот эле, жаңы адамдарды сууруп чыгып, алдыга сүрөгөнгө.

Карасаңыз ошол эле Украина, жакшы да, жаман да жактары бар, Армения, Грузия мамлекеттери, бардыгы унчукпастан жаштарга жол беришпедиби, IT тармагынын адистери, журналисттер, кичи бизнеси барлар келишти. Азыр замандын талабы, жашоонун шарты ошондой.

Биздин саясатчылар көбүнчө тажрыйба керек, биринчи мамлекеттик тармакка барып иште, айыл өкмөт бол, тигинде иште, мында иште дейт, бул калп, анткени бул саясий манипуляция, Конституциялык палатанын мүчөсү ЭмилӨскөнбаев принципиалдуу, элдин урмат-сыйына ээ болгон соттордун бири, Твиттерине кеңеш берип жатпайбы, мамлекттик ишке барбагыла деп. Анда системага каршы чыгасың, система сени жеп-өлтүрөт, же жокко чыгарат, же көндүрөт. Көнүп-сынсаң, сен ошол системанын бурамасы болуп каласың. Башка мамлекеттерде, жаштар келсин, албетте, катачылык кетет, бирок булардын баскан-турганы дурус болот, анткени эскилер тыйын-тыпыр таап, бизнесин адалдаштырганга жолдору иштелип калган, ошол жолдорду улантып кете беришет. Жаңылар уланта албайт да, булардын баарын бузуп, өзүнүкүн түзүп, баары бир бул убакыт.

Борбордук шайлоо комиссиясында 12 мүчөбүз, биз парламент менен бекитилгенбиз. Үчтөн бир бөлүгү президенттин атынан келген. Шайлдабекова Атамбаевдин атынан келген. мүчөлөрдүн бири, үчтөн бир бөлүгү парламенттик оппозициядан, үчтөн бир бөлүгү парламенттик коалициядан келгенбиз. Бардыгыбыздын укуктарыбыз бирдей.

Ошол БШК мүчөлөрүнүн канчасы төрайымдын мыйзам бузганына канчалык эрки жетип, баа берип, кызматтан түшүргөнгө бара алат, бул чоң суроо.

Бирок мен элдин арасынан канча көрүп жатам, кол топтоолор да жүрүп жатат, жакшы иштей албай калды деп. Тилекке каршы катачылыктар, мыйзам бурмолоолор кеткен, мындай мыйзам бузуулар болбош керек эле.

Кандай добуш берүү ылайыктуу ?

-Шайлоодо почта аркылуу же онлайн добуш берүү маселеси көтөрүлүп жатат, сиздин оюңузча бизге кандай шайлоо ылайыктуу келет?

-Бизде мыйзамдар боюнча эскиче эле калып жатат, автоматикалык шайлоочу урна, идентификациядан өтүш керек, шайлоо участкасына барыш керек. Урнадан чыгарып, кол менен санашат, анан жыйынтык чыгарышат. Бизде азыркы убакта онлайн добуш берүүгө, тилекке каршы, менин пикиримче шарт жок, даяр эмеспиз.

Маекти алып барган Айгүл Бакеева

Маекпарламенттик шайлооАтыр АбдрахматовапарламентБШКСерепПолитКлиникаАйгүл Бакеевамаек