​Соль-Илецкиден кайткан таластыктар обсервация мөөнөтү аяктаганда үйүнө жиберилет

  • 4 года мурун

Соль-Илецкиден кайткан таластыктар ПЧР жыйынтыгынан кийин жана обсервация мөөнөтү аяктаганда үйүнө жиберилет

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Соль-Илецкиден келип, обсервация алынгандар ПЧР анлизинин жыйынтыгынан кийин жана обсервация мөөнөтү аяктаганда үйнө жиберилерин билдирди.

«Обсервация эрежелери бардыгы үчүн бирдей. Соль-Илецкиден келген жарандарды да биз Талды-Булактагы постубуздан тосуп алып обсервацияга алдык.Алар каршылык көрсөтүп, нааразычылыгын билдирип, обсервацияда калууну каалашкан жок. Бирок алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана ПЧР- анализдери алынды, анын жыйынтыгы менен жана обсервация мөөнөту аяктаганда үйлөрүнө жөнөтөбүз, — деп билдирди ал.

18-майда, “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак чыккан.

Ал жерге Соль-Илецкиден келген 432 жаран жаткырылган. Чыр-чатактын себеби алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу болгон.

«Семетей» обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу, Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды.

Аларлын арасынан Таласка кеткен 51 жаран облустун Талды-Булак постунан обсервацияга алынган.

Сүрөт: Turmush.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты