«Крокустагы» теракттан кийин Орусияда кысым күчөгөнүнө даттанган мигранттар көбөйдү

«Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин Орусиядагы мигранттар кысым күчөгөнүнө даттанган учурлар бир нече эске көбөйдү.

Бул тууралуу «Верстка» басылмасы укук коргоочу Валентина Чупикке шилтеме кылып кабарлады.

Чупиктин айтымында, ага марттын аягынан бери мигранттардан 8,5 миңден ашык кайрылуу болду. Алардын баары мыйзамсыз кармалганына, Орусиядан күч менен чыгарылганына, ИИМ бөлүмдөрүндө адам чыдагыс шарттарда кармалып турганына жана ур-токмокко алынганына даттанышкан.

Укук коргоочу белгилегендей, буга чейин ага өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганына же миграциялык мыйзамдарды бузууга негизсиз айыпталганына даттанып жумасына 2-3 гана мигрант кайрылса, азыр күнүнө 150-170тен кайрылуу болууда. Даттангандардын көбүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары түзөт.

22-мартта Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт адам туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, терактта жараат алгандардын саны 551ге, мерт болгондордуку 144кө жетти. «База» Телеграм-каналы 95 адам дайынсыз болуп жатканын жазды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобу өз мойнуна алган.

Орусиянын тергөө органдары теракт иши боюнча 10 киши кармалганын, анын төртөө кол салууну түздөн-түз ишке ашырганын, көбү Тажикстандын жарандары экенин билдирген. Колго түшүрүү жана суракка алуу маалында алардын кыйноолорго кабылганы маалым.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты