​Тажикстанда 15 кишиден коронавирус табылды

  • 4 года мурун

Бул тууралуу коронавирус пандемиясынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын чукул жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Дүйшөмбү шаарында 5, Хожентте 10 кишиден коронавирус табылган.

Буга чейин тажик бийлиги өлкөдө коронавирус каттала элек экенин билдиргени менен ооруну ооздуктоо аракеттерин көрүп жаткан. Расмий адамдар соңку күндөрү оорудан каза тапкан адамдардын дарты башка деп ишендирүүгө аракет жасаган.

Дүйшөмбү негизинен кийим-кече, буюм-тайым сатылган ири «Корвон» базары баштаган жайларды 30-апрелден 10-майга чейин жапкан. Мэрия тараткан учкай билдирүүдө мындай базарлар «Дүйшөмбү шаарынын тургундарынын саламаттыгына кам көрүү максатында жана коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн» жабылганы айтылат.

Өткөн аптада бийлик мектептерди эки жумага жапкан жана футбол боюнча мелдештерди токтоткон.

Сүрөт: Хожентте үйлөрдү дезинфекциялоо. Расмий веб-сайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты