ТИМ: Айжигитов айтып чыккан Тажикстанда тыңчылыкка шектелген адамды Кыргызстанга которууга кошумча мөөнөт керек   

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов көтөргөн, Тажистанда тыңчылыкка шектелген Кубатбек Юлдашевге коюлган айыптын өзгөчөлөгүнө байланыштуу, аны Кыргызстанга которууга кошумча мөөнөт талап кылынат.

Бул тууралуу Кыргызстанстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

“Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, Тажикстандагы элчилиги К.Юлдошев кармалган мезгилден тартып азыркы күнгө чейинки процессуалдык иштери, мөөнөтүн өтөп жаткан мекеме жана ал жерде кармоо шарттары жөнүндө толук маалыматка ээ. Ошондой эле К.Юлдошевдин энеси, бир тууганы менен тыгыз байланышта болуп, аларды дайыма маалымдап турат.

Кыргыз Республикасынын жараны, Тажикстандын Исфара районунун тургуну 1988-жылда туулган К.Юлдошев, 2023-жылдын 20-январында Тажикстандын сот органдары тарабынан кылмыш-жаза кодексинин тыңчылык беренеси менен соттолгон.

Аталган жаранды Кыргызстанга которуу маселеси боюнча Кыргыз элчилиги Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен бирге, эл аралык келишимдерге ылайык керектүү ишти алып барууда. К.Юлдошевге коюлган айыптын өзгөчөлөгүнө байланыштуу аны Кыргызстанга которууга адаттагыдан кошумча мөөнөт талап кылынат” деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин 7-марттагы жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, камакка алынганын айтып, кыргыз өкмөтүнөн ага көмөктөшүүнү талап кылган.

«Тажикстандын мурдагы жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгын алган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен маалда Тажикстандын атайын кызматтары биздин жаранды «тыңчысың» деп айыптап, кармап, 13 жылга камап коюшуптур. Азыр ал эки жылдан бери абакта жатат экен. Ал эч кандай тыңчылыкка тиешеси жок, болгону жөн гана курмандыкка чалынып кетти. Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Акыйкатчы ага жардам берүү иштерин алып барышын өтүнөм» деди Султанбай Айжигитов.

Маалым болгондой, депутатка Тажикстанда кармалган кыргызстандыктын жакындары арыз менен кайрылышкан.

Жогорку Кеңештин жыйынын алып барып жаткан спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул боюнча тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү тапшырды.

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгону маалым болгон.

2022-жылдын апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаран түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жатканы кабарланган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген.

2022-жылдын июль айында алардын ичинен 11 кыргыз жараны тажик абагынан бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган. Алар Кыргызстандын аймагында кармалып, соттолгон  11 иажикстандыкка алмашылганы маалым болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.

Сүрөттө: Депутат Султанбай Айжигитов. kenes.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты