Кыргыз-тажик чек арасы: Делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегация төрагалары жолугушту

  • 4 месяца мурун

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кечээ, 16-мартта  жолугушту.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта кабарлангандай, анда эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашып,  жумушчу топторго  чек ара сызыгынын калган аймактарында мындан ары дагы тактоону улантуу тапшырмаларын беришти.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты