Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими узартылат

  • 4 года мурун

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында билдирди.

Өзгөчө абалды узартуу чечимине өлкөдөгү эпидемиологиялык абал таасирин тийгизди.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Коронавирус жайылышына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

28-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 13 учуру катталып, бардыгы 708ге жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты