Екатеринбургдан 157 киши учуп келди
- 4 года мурун
28-апрелде ”Манас” эл аралык аэропортунда “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Анда 157 жүргүнчү учуп келди.
COVID-19 пандемиясынан улам чартердик каттам жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.
Бул тууралуу коронаирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.
27-апрелде, Казакстан аркылуу 10 жараныбыз Ооганстандан, Кабул шаарынан кайтарылды.
26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны келген.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү